> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы Нарында 3 233 темир-бетон мамы орнотулган
- URL: https://im.kg/all/2026/01/21/otkon-zhyly-narynda-3-233-tiemir-bieton-mamy-ornotulghan/
- Published: 2026-01-21T05:58:14.000Z
- Updated: 2026-01-21T05:58:14.000Z
- Author: Ишкер Media

**Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактары ишканасы 2025-жылы облустагы темир-бетон мамыларын жаңылоону улантты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Жалпы 3233 даана мамы орнотулду, анын ичинде:

> Ат-Башы — 771  
> Ак-Талаа — 249  
> Жумгал — 220  
> Кочкор — 577  
> Нарын — 496  
> Тогуз-Торо — 184

Ошондой эле 736 даана эски мамы алмаштырылды.

2026-жылга пландаштырылган иштер: 5316 даана жаңы мамы өндүрүү жана 2560 даана орнотуу.

> Эске салсак, 2024-жылы Нарын шаарында, 2025-жылы Кочкордун Чолпон айылында жаңы цехтер ишке берилген, бул ишкананы керектүү материалдар менен толук камсыз кылат.