> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат
- URL: https://im.kg/all/2026/01/23/kyrghyzstanda-aialdar-ui-zhumushtaryna-5-saattai-ubakyt-korotushat/
- Published: 2026-01-23T13:05:52.000Z
- Updated: 2026-01-23T13:05:51.000Z
- Author: Ишкер Media

**Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген.**

Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же 3,8%ды гана түзөт.

> Айыл жергесинде эркектер да, аялдар да шаар тургундарына салыштырмалуу үй жумуштарына 1,2 эсе көп убакыт коротушат. Алсак, айылда иштеген аялдар үй чарбасына күнүнө орточо 6,5 саат, ал эми шаарда иштегендер 5 сааттай убакыт бөлүшөт. Иштеген эркектердин көрсөткүчү айылда күнүнө 50 мүнөт, шаарда 35 мүнөттүн тегерегинде.

Эркектер менен аялдардын үй жумуштарынын түзүмү:

> Эркектер: жашаган жерине карабастан, тиричилик техникаларын, эмеректерди жана турак жайды оңдоо менен көбүрөөк алектенишет. Шаарларда бул жумуштарга үй жумуштарына кеткен убакыттын 11%ы, айылдарда 30%га чейинкиси жумшалат. Ошондой эле азык-түлүк сатып алууга убактысынын 15%дан 23%ына чейин жумшашат.

- Аялдар: үй жумуштары ар түрдүү жана жашаган жерине, үй-бүлө курамына, жумуш ордуна жараша болот.

Иштеген калктын арасында үй жумуштарына эң көп убакыт короткондор: 35-44 жаштагы жана 60 жаштан ашкан эркектер, ошондой эле 14 жаштан 34 жашка чейинки аялдар болуп саналат.