> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 2026-жылы 19 миң түп дарак отургузулат
- URL: https://im.kg/all/2026/01/30/bishkiektie-2026-zhyly-19-min-tup-darak-oturghuzulat/
- Published: 2026-01-30T08:56:46.000Z
- Updated: 2026-01-30T08:56:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Саясат

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен мэрияда жолугушту.**

Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу, анын ичинде Бишкектин жылуулук жана суу камсыздоо тармактарын өнүктүрүү, ошондой эле борбор шаардын ЕРӨБдүн "Жашыл шаарлар" программасына катышуусу боюнча маселелерди талкуулашты.

> Шаар башчысы банктын өкүлдөрүн Бишкекте жүзөгө ашырылып жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымдады. Алардын катарында экотехнологиялык заводдун курулушу жана ишке киргизилиши, ошондой эле шаарды көк-жашылдандыруу жана абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар бар.

2025-жылы Бишкекте 19 миң дарак тигилген болсо, 2026-жылы 50 миң түп дарак отургузуу пландалууда.