> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкекте 50 миң дарак отургузулат
- URL: https://im.kg/all/2026/02/02/byiyl-bishkiektie-50-min-darak-oturghuzulat/
- Published: 2026-02-02T07:07:39.000Z
- Updated: 2026-02-02T07:07:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Саясат

**2026-жылы Бишкекте 50 миңден ашык дарак отургузууну пландалып жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаадагы түтүн көйгөйүн талкуулоодо мэр Айбек Джунушалиев билдирди.**

"Шаардын башкы планы түзүлүп жатканда Бишкек жашыл жана коопсуз болушу керектигин эске алдык. Эгер стандарт боюнча бир адамга 16 чарчы метр жашыл зона туура келсе, учурда бул көрсөткүч болгону 4 чарчы метр гана болуп калыптыр. Ошондуктан борбор калаадагы жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", — деди Айбек Джунушалиев.

Мэр ошондой эле, 2025-жылы пландалган дарак отургузуу көрсөткүчү 12,5 миң болчу деп кошумчалады.

> "Бирок биз муну ашырып, 18 миң дарак отургуздук. Албетте, алардын сугарылышын да эске алабыз. 2026-жылы 50 миң дарак отургузууну пландап жатабыз. Эгер мурда чет өлкөдөн келген дарактарды дароо шаарга отургузуп, айрымдары кургап калса, азыр биз тактиканы өзгөрттүк: алгач питомниктерге отургузуп, жакшы өскөндөрүн гана көчүрүп отургузабыз. Өткөн жылы Кытайдан 1,5 миң көчөт алып келгенбиз, бирок алар жакшы өспөй калган", — деди мэр.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын сунушу менен шаарда отургузууга ылайыктуу 9 түрдүү дарак аныкталган. Алардын ичинен 7 түрүн отургузууну баштадык, айрыкча бул жалбырактуу дарактар, алар көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берет", — деп кошумчалады Айбек Джунушалиев.

Мэр шаардагы сугаруу системасын өркүндөтүү боюнча да иштер жүрүп жатканын белгиледи.