> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент УКМК жетекчиси эмнеге кызматтан алынганын билдирди
- URL: https://im.kg/all/2026/02/10/priezidient-ukmk-zhietiekchisi-emnieghie-kyzmattan-alynghanyn-bildirdi/
- Published: 2026-02-10T11:54:05.000Z
- Updated: 2026-02-10T11:54:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Саясат

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча үн катты.

“Кабар” агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, мындай чечимди президент мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алган.

> “Бул чечим эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында кабыл алынды”, - деп президенттин сөзүн келтирди Аскат Алагөзов.