> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотту
- URL: https://im.kg/all/2026/02/10/zhumghalbiek-shabdanbiekov-ukmk-toraghasynyn-mildietin-atkaruuchu-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-02-10T10:48:33.000Z
- Updated: 2026-02-10T11:13:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Саясат

**Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыгы жарыяланды.**

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын УКМК төрагасы болуп 2020-жылдын 16-октябрында дайындалган. Бул жарлыкка ошол учурда 2020-жылдын 5–6-октябрындагы окуялардан кийин президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров кол койгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалганын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/424075.jpg)

Маалыматка ылайык, Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн макулдашуу максатында Жогорку Кеңешке киргизилет.

Жумгалбек Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын 9-кызматынын начальниги жана төраганын орун басары кызматтарын аркалап келген.