> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2026/02/11/rossiia-kvalifikatsiialuu-zhumushchulardyn-kielishinie-kyzykdar/
- Published: 2026-02-11T04:28:35.000Z
- Updated: 2026-02-11T04:28:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Пикир

**Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар экенин Бишкекте өткөн брифингде Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.**

Анын айтымында, Россия эмгек мигранттары өлкөгө мыйзамдуу негизде келип, иштеп, тапкан каражаттарын мекенине которуп турушуна кызыкдар.

Элчи учурда эмгек мигранттарын санариптик каттоого алуу системасына өтүү жүрүп жатканын белгиледи.

> "Россияда иштөөнү пландаган кыргызстандыктар үчүн негизги талап — мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо, ошондой эле өлкөдө болууга жана иштөөгө мыйзамдуу негиздин, башкача айтканда, жумуш орду тууралуу келишимдин болушу. Артыкчылыктардын бири — Кыргызстандын жарандарына Россияда ишке орношуу үчүн патент алуунун кереги жок", — деди дипломат.