> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес
- URL: https://im.kg/all/2026/02/16/rossiiada-mighranttardyn-35-y-orus-tili-boiuncha-ekzamiendien-otkon-emies/
- Published: 2026-02-16T03:15:51.000Z
- Updated: 2026-02-16T03:15:51.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**Россияда 2025-жылдын төртүнчү кварталында мигранттардын 35%дан ашыгы орус тили боюнча экзаменди биринчи аракетинде тапшыра албагандыгын өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Мониторингдин маалыматтарына ылайык, октябрь–декабрь айларында Россиянын тарыхы жана мыйзамдардын негиздери боюнча экзаменди 201 миң 675 адам тапшырган. Алардын ичинен 87,9%ы экзаменден ийгиликтүү өткөн. Ошол эле учурда 35,5%ы биринчи аракетинде тапшырманы аткара алган эмес.

Аттестация үч деңгээл боюнча өткөрүлөт:

1. Россияда иштөөгө уруксат (патент) алуу үчүн;
2. Убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн;
3. Туруктуу жашоого уруксат (жашоого уруксат кагазы) алуу үчүн.

Ар бир экзамен үч бөлүктөн турат: орус тили боюнча тестирлөө, Россиянын тарыхы боюнча билимди текшерүү жана мыйзамдардын негиздери боюнча суроолор.