> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат
- URL: https://im.kg/all/2026/02/20/zhkkbbnyn-formalyk-kiiimdierinie-10-mln-335-min-som-zhumshalat/
- Published: 2026-02-20T12:15:20.000Z
- Updated: 2026-02-20T12:15:19.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын формалык кийимдерин сатып алуу боюнча тендер жарыяланды.**

> Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 10 млн 335 миң сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен 6,4 млн сом куртка жана шым (жалпы 1 950 даана) сатып алууга, ал эми 3,9 млн сом ушундай эле сандагы пуловерлерге каралган.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 25-февралга чейин кабыл алынат.

Келишим түзүлгөндөн кийин товар 20 жумушчу күндүн ичинде жеткирилиши керек.