> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту
- URL: https://im.kg/all/2026/03/01/aipieri-miediet-kyzy-albaniiadaghy-muhamet-malo-2026-el-aralyk-turnirindie-altyn-miedal-uttu/
- Published: 2026-03-01T05:47:47.000Z
- Updated: 2026-03-01T05:47:46.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду.**

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок:

- 1/8 финал: Гулмарал Еркебаеваны (Казакстан) — 12:2 (мөөнөтүнөн мурда);
- Чейрек финал: Ванеса Георгиеваны (Болгария) — 10:0;
- Жарым финал: Элмира Ясинди (Түркия) — 14:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү кармашта Айпери дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдез менен кез келди.

> Эске салсак, бул балбандар 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында кез келип, анда жеңиш эквадорлук спортчуга оогон эле. Бул ирет Айпери Медет кызы атаандашын 5:4 эсебинде утуп, реванш алуу менен бирге рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.