> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/all/2026/03/06/zhaiytty-myizamsyz-tosup-alghan-zharangha-32-716-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-06T06:09:30.000Z
- Updated: 2026-03-06T06:09:30.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Кыймылсыз мүлк

**Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо айылында жергиликтүү эки жаран жайыт жерин мыйзамсыз тосуп алгандыгы аныкталган.**

Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, Ү.С. жана Ш.Н. аттуу жарандарга Укук бузуулар кодексинин 239-беренесинин негизинде айып пул салынды.  
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык, жер кыртышын бузгандыгы үчүн 32 716 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Ошондой эле мыйзамсыз тосулуп алынган жайыт жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү жана өзүм билемдик менен тосулуп алынган аймакты ачуу боюнча милдеттендирүүчү буйрук берилди.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат мыйзамсыз жер пайдаланууга жол берилбей турганын эскертип, жер мыйзамдарын так сактоого чакырат.