> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды
- URL: https://im.kg/all/2026/03/16/zhchk-uiushturuuchularynyn-subsidiardyk-zhoopkierchilighi-zhonundo-myizam-dolbooru-chakyrtylyp-alyndy/
- Published: 2026-03-16T08:10:21.000Z
- Updated: 2026-03-16T08:10:21.000Z
- Author: Ишкер Media

**Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын маалымдады.**

Билдирүүгө караганда, **бул чечим** мыйзам долбоорунун жоболорун кошумча **талдоо**, эл аралык тажрыйбаны **изилдөө**, мүмкүн болгон экономикалык жана укуктук **кесепеттерди баалоо**, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана жарандардын **пикирлерин эске алуу максатында** кабыл алынды.

> *Колдонуудагы *мыйзамдарга ылайык*, ЖЧКнын катышуучулары коомдун уставдык капиталына кошкон салымдарынын чегинде гана *тобокелдик тартышат* жана эреже катары, компаниянын милдеттенмелери боюнча өздөрүнүн *жеке мүлкү менен жооп беришпейт.* Бул укуктук конструкция ишкердикти колдоого жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Бирок *практика жүзүндө,* айрым *ак ниетсиз адамдар* бул уюштуруу-укуктук форманы мамлекеттин, кредиторлордун же контрагенттердин алдындагы *милдеттенмелерди аткаруудан качуу үчүн* пайдаланган учурлар кездешип жатат – дейт билдирүүдө.*

Мамлекеттик салык кызматы **инвестициялык климатты чыңдоого**, укуктук жөнгө салуунун тең салмактуулугун камсыз кылууга жана **салык төлөөчүлөр** менен мамлекеттин **кызыкчылыктарын коргоого** багытталган **ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү** боюнча ишин улантат.