> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жылуулук кийинки жумада өчүрүлүшү мүмкүн — мэрия
- URL: https://im.kg/all/2026/03/21/bishkiektie-zhyluuluk-kiiinki-zhumada-ochurulushu-mumkun-meriia/
- Published: 2026-03-21T05:25:40.000Z
- Updated: 2026-03-21T05:25:39.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Энергетика

**Бишкек шаарында жылуулук берүү кийинки жумада эле токтотулушу мүмкүн экенин мэрия билдирди.**

Эске салсак, эгер абанын орточо суткалык температурасы +8 градустан жогору болуп, кеминде беш күн катары менен сакталса, адатта шаар бийлиги жылытуу мезгилин аяктоо тууралуу чечим кабыл алат.

> Аба ырайынын божомолу боюнча, борбор калаада жакынкы жети күн ичинде туруктуу жылуу аба ырайы күтүлүүдө. Күндүз абанын температурасы орто эсеп менен +15…+20 градуска чейин жогорулайт. Түнкүсүн да аба температурасы нөлдөн жогору болот.