> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт
- URL: https://im.kg/all/2026/03/21/naryndaghy-ipotiekalyk-uilor-zhakynda-kurulup-butot/
- Published: 2026-03-21T11:05:43.000Z
- Updated: 2026-03-21T11:05:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Кыймылсыз мүлк

**Нарын облусунда салынып жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу жакында аяктарын Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.**

Өлкө башчысынын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталууда.

> “2022-жылдан тарта Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна түшө баштады. “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар. Ипотекалык үйлөрдүн басымдуу бөлүгү албетте, өлкө бюджетинин каржылоосу менен ишке ашууда”,-деди мамлекет башчысы.