> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 1-апрелден тарта электр кубаттуулугун чектөө алынат
- URL: https://im.kg/all/2026/03/24/kyrghyzstanda-1-aprieldien-tarta-eliektr-kubattuulughun-chiektoo-alynat/
- Published: 2026-03-24T06:53:47.000Z
- Updated: 2026-03-24T06:53:46.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Энергетика

**2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргызстанда чукул убакыттагы кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынарын Энергетика министрлиги билдирди**.

Эске салсак, убактылуу чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суу деңгээли төмөн болгондугуна жана электр энергиясынын туруктуу камсыз болушун камсыздоо максатында киргизилген.

Чукул убактарда — саат 06:00дөн 09:00гө жана 18:00дөн 22:00гө чейин — кубаттуулук төмөндөтүлчү:

- бир фазалуу колдонуучулар үчүн 5 киловатттан 3 киловаттка,
- үч фазалуу колдонуучулар үчүн 8 киловатттан 5 киловаттка.

Министрликтин маалыматына караганда, бул чаралар суу деңгээлинин кескин төмөндөшүнөн сактап, электр системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берген.

> 2025-жылы электр энергиясынын керектөөсү 19 млрд 94,8 млн киловатт-саатты түзгөн — бул мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7%га көп. Өсүштүн негизги себеби — турак-жай курулушу, жаңы өндүрүштүк объектилердин ишке кириши жана колдонуучулардын санынын көбөйүшү болгон.

> 2026-жылдын 1-январына карата жалпы колдонуучулардын саны 1 млн 621 миң 292ге жеткен. Бир жыл ичинде алардын саны 36 миң 287ге өскөн.

Министрлик кошумчалагандай, күз-кыш мезгилине даярдык ийгиликтүү өткөн: жабдуулар модернизацияланган, ири ГЭСтер реконструкцияланган, чакан ГЭСтер жана трансформатордук станциялар курулган. Бул мезгилде электр энергиясын өчүрүү катталган эмес.