> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты
- URL: https://im.kg/all/2026/03/26/kyrghyzstandyn-kalkynyn-sany-7-4-milliondon-ashty/
- Published: 2026-03-26T12:06:13.000Z
- Updated: 2026-03-26T12:06:12.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет маалымдады.**  
  
Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектеги элдин саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында - 485,7 миң адам.

> Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам болсо, Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам, Чүй облусунда 983,7 миң адам, Баткен облусунда 605,3 миң, Ысык-Көл облусунда 554,3 миң жана Нарын облусунда 316,2 миң адам бар. Эң аз эл - 282,9 миң адам Талас облусунда жашайт.  
>  
> Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мекемесинин маалыматына караганда, 2026-жылы январь айында 10,9 миң ымыркай катталган, ошол эле учурда 2,7 миң киши кайтыш болгон.  
>  
> Натыйжада калктын табигый өсүүсү 8,2 миң адамды түздү.

Статкомдун маалымдашынча, 1-февралга карата орточо эмгек акы 45 797 сомду түздү. Эң төмөнкү пенсия 7500 сом.