> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз менчиктештирилген оорукана мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/all/2026/03/26/myizamsyz-mienchiktieshtirilghien-oorukana-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-26T09:50:57.000Z
- Updated: 2026-03-26T09:50:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Кыймылсыз мүлк

**Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен. 

> Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип, натыйжада баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.