> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын балдары үчүн бизнес биригүүдө
- URL: https://im.kg/all/2026/03/28/kyrghyzstandyn-baldary-uchun-biznies-birighuudo/
- Published: 2026-03-28T03:03:11.000Z
- Updated: 2026-03-28T03:03:11.000Z
- Author: Ишкер Media

**ЮНИСЕФ Кыргызстан балдар үчүн бизнес боюнча консультативдик кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү, ага өлкөдөгү ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоого умтулган алдыңкы компаниялар катышты.**

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа төрагалык кылган Кеңештин жыйынында анын Уставы расмий түрдө бекитилип, эки негизги артыкчылыктын айланасында күч-аракеттер бириктирилди.

> Анын бири майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүүлүктү өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, экинчиси үй-бүлөгө ыңгайлуу жумуш чөйрөсүн түзүү. Кеңештин мүчөлөрү активдүү түрдө идеялар менен алмашып, бул артыкчылыктарды алга жылдыруунун конкреттүү жолдорун сунушташты.

Келечекте өнөктөштөр биргелешип 2026-2027-жылдарга Кеңештин иш планын, анын ичинде биргелешкен конкреттүү иш-аракеттерди иштеп чыгышмакчы.