> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды
- URL: https://im.kg/all/2026/03/30/at-bashy-raionundaghy-az-kamsyz-bolghon-ui-bulolorgho-arpa-taratyldy/
- Published: 2026-03-30T12:37:27.000Z
- Updated: 2026-03-30T12:37:26.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди.**

> Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген.

> Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди.

Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып жатат. Анын максаты — калкты климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, ошондой эле фермерлердин эгин талаалары жана жайыттарындагы топурактын абалын изилдөө.

Мындан тышкары, кургакчылык кесепеттерин азайтуу чаралары да көрүлүүдө: чегирткеден коргоо иштери жүргүзүлүп, эгин талааларына жер семирткичтерди чачуу үчүн агродрон алынды.