> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев
- URL: https://im.kg/all/2026/03/30/bala-bakchalardy-kuruugha-1-mlrd-dollar-bolunushu-kieriek-d-biekieshiev/
- Published: 2026-03-30T11:48:00.000Z
- Updated: 2026-03-30T11:47:59.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Пикир, Кыймылсыз мүлк

**Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди.** 

"Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "чачып" жатабыз. Муну менен маселе чечилбейт. Финансы министрлигине кайрылып, ири каражат бөлдүрүү керек", — деди Дастан Бекешев.

> Сөз "Билим берүү келечек үчүн" долбоорун кошумча каржылоо тууралуу болуп жатат. Ага ылайык, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 4 млн 360 миң доллар көлөмүндө кредит жана 2 млн доллар грант алат. Макулдашууга 2025-жылдын октябрь айында Вашингтондо кол коюлган.

Учурда Кыргызстанда 3–5 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышы болгону 51%ды түзөт. Тиешелүү мекеме 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80%га жеткирүүнү максат кылууда.