> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чоң Кемин" жаратылыш паркында 5 миңден ашык бак отургузулду
- URL: https://im.kg/all/2026/03/30/chon-kiemin-zharatylysh-parkynda-5-mindien-ashyk-bak-oturghuzuldu/
- Published: 2026-03-30T03:38:10.000Z
- Updated: 2026-03-30T03:38:09.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөнүн кечээ Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, анда 5 миңден ашык терек, карагай жана өрүк көчөттөрү отургузулган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/659030681_9332.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/657351359_9333.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, "ШКУнун жашыл алкагы" эл аралык демилгесине ылайык уюштурулду.

Быйыл "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында республиканын бардык аймактарында 9 млн даана бак-дарак жана бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.