> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түндүк тиркемеси аркылуу эми унааны каттаса болот
- URL: https://im.kg/all/2026/04/22/tunduk-tirkemesi-arkyluu-emi-unaany-kattasa-bolot/
- Published: 2026-04-22T07:18:04.000Z
- Updated: 2026-04-22T07:18:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

Түндүк тиркемеси аркылуу эми унааларды онлайн режиминде каттоого болот. Бул тууралуу мамлекеттик кызмат мекемесинен билдиришти.

> *“Мурда унааны каттоо үчүн унаанын ээсинин жеке катышуусу талап кылынчу. Эми, Түндүк тиркемеси аркылуу нотариалдык күбөлүктүн негизинде арызды алыстан тапшырат”, - деп кошумчалашты кызмат мекемесинен.* 

Бул өзгөрүү аймактык бөлүмдөргө барууларды кыскартууга жана жарандар үчүн кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет