> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чек араларда ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү демилгеленди
- URL: https://im.kg/all/2026/04/23/chek-aralarda-veterinardyk-kozomoldu-kuchotuu-demilgelendi/
- Published: 2026-04-23T05:26:52.000Z
- Updated: 2026-04-23T05:26:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Кыргызстанда товарларды чек арадан өткөрүүдө ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы нускаманын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу ветеринардык кызматтан маалымдашты.**

Маалыматка таянсак, документ өлкөгө кооптуу жаныбар ооруларынын жана сапатсыз мал чарба продукцияларынын кирүүсүнүн алдын алууга багытталган. Айрыкча шарп, африкалык чума жана куш тумоосу сыяктуу ооруларга көңүл бурулууда.

> *Жаңы тартипке ылайык, чек арада жүктөрдү текшерүү бирдиктүү эрежелер менен жүргүзүлүп, документтик, физикалык жана лабораториялык көзөмөл күчөтүлөт. Эреже бузулган учурда продукция кайтарылып же жок кылынат.*

Ошондой эле бардык процесстер “Санарип VET” системасы аркылуу санариптик форматта катталып, көзөмөлдүн ачык-айкындуулугу жогорулайт.