> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайтаруу жана конвой департаментинде имарат пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/all/2026/04/23/kaitaruu-zhana-konvoi-departamentinde-imarat-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-04-23T07:00:51.000Z
- Updated: 2026-04-23T07:00:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**20-апрелде Чүй облусуун Москва рйонуна караштуу Ак-Суу айылында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин №3 кайтаруу батальонунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, иш-чара департаменттин түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгына арналуу менен катар, 2025-жылы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жана жаңыдан курулган имараттардын расмий ачылышы менен коштолду.*

Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Чыңгыз Кожошевдин айтымында, Кайтаруу жана конвой департаментинин башка аскер бөлүктөрүндө да жаңылоо иштери улантылаарын кошумчалады.