> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кулжада 3000 тонна силос өндүрүү пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2026/04/23/kara-kulzhada-3000-tonna-silos-onduruu-plandaluuda/
- Published: 2026-04-23T04:38:20.000Z
- Updated: 2026-04-23T04:38:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду. Иш-чарага райондун дыйкан-фермерлери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү адистер катышты. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, семинардын жүрүшүндө тиешелүү кызмат өкүлдөрү дыйкан-фермерлерге өз тармактары боюнча кеңири адистик кеңештерди берип, практикалык сунуштарын ортого салышты. Айрыкча жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары, сапаттуу силос даярдоонун технологиялары жана агротехнологияларды туура пайдалануу маселелери негизги тема катары каралды.* 

Белгиленгендей, “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи өткөн жылы 300 тонна силос өндүргөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүчтү 3000 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Бул максатка жетүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, өндүрүштү кеңейтүү жана агротехникалык талаптарды так сактоо зарылдыгы баса белгиленди.