> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти 14 жылга кесилди
- URL: https://im.kg/all/2026/04/23/kok-boru-federatsiiasynyn-murdagy-prezidenti-14-zhylga-kesildi/
- Published: 2026-04-23T09:37:38.000Z
- Updated: 2026-04-23T09:37:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Чүй облустук сотунун чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга кесилди. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.**

Соттун чечимине ылайык, Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") боюнча айыптуу деп тапты. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал сот залынан камакка алынды.

> *Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бегалиев былтыр 19-майда "уюшкан кылмыштуу топту каржылоого, опузалап акча талап кылууга" шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат аны криминалдык топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон деп айыптаган.*

> *Бегалиев ушул жылдын 20-февралында Талас Бегалиевди актап, абактан бошоткон. Ал бир иш боюнча акталып, эки берене боюнча кылмыштын мөөнөтү эскиргени үчүн жаза мөөнөтү каралган эмес.*  

Эске салсак, Талас Бегалиев Бээжин олимпидасынд грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон Канатбек Бегалиевдин бир тууган агасы.