> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Кызмат” мамлекеттик ишканысынын эки кызматкери кармалды
- URL: https://im.kg/all/2026/04/23/kyzmat-mamlekettik-ishkanysynyn-eki-kyzmatkeri-karmaldy/
- Published: 2026-04-23T13:36:38.000Z
- Updated: 2026-04-24T03:35:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Ош шаарындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, “Кызмат” мекемесинин кызматкерлери акча талап кылууга шектелип жатканын белгиледи. Шектүлөр кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн акча алып келишкен.*

Кармалгандар чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырып турушкан. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Учурда тергөө иштери уланууда.