> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Асыл тукум малды өнүктүрүү үчүн 140 млн сомдон ашык акча бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2026/04/24/asyl-tukum-maldy-onukturuu-uchun-140-mln-somdon-ashyk-akcha-bolunot/
- Published: 2026-04-24T08:30:22.000Z
- Updated: 2026-04-24T08:30:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Жылдык 3% үстөк менен өлкөбүздө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү максатында 2026-жылдын 23-февралында кабыл алынган Министрлер Кабинетинин №105 тескемесине ылайык фермерлерге асыл тукум мал чарбасынын чарбакер субъекттерине жеңилдетилген кредиттерди берүү жана ислам принциптерине ылайык каржылоо каралган.Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.**

Маалыматка караганда, долбоор ири мүйүздүү малды сатып алуу жана кеңейтилген кайталап өндүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн асыл тукум мал чарбасынын субъекттерине жеңилдетилген кредиттик каражаттарды жана ислам принциптерине ылайык каржылоо.

> *Долбоорду каржылоону уюштуруу үчүн «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан асыл тукум мал чарбасынын чарбакер субъекттерине жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоо үчүн 2026-жылга республикалык бюджеттен 140 млн.400 миң сом бөлүнөт.*

Аталган долбоордун максаты асыл тукум мал чарбасынын субъекттерине азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.