> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз сакталган алкоголдук ичимдиктер жана тамекилер табылды
- URL: https://im.kg/all/2026/04/24/myizamsyz-saktalgan-alkogolduk-ichimdikter-zhana-tamekiler-tabyldy/
- Published: 2026-04-24T05:04:19.000Z
- Updated: 2026-04-24T05:04:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик продукциялардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарынан бир катар мыйзам бузууларды аныкташты. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө “Мырзабек” дүкөнүнөн 5 миң 510 куту акциздик маркасы жок тамеки продукциясын сатуу фактысы аныкталган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Манас шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө А.Каримбеков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде акциздик маркасы жок товарларды сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Жалпысынан 1 миң 400 куту тамеки, 212 бөтөлкө алкоголдук жана 100 бөтөлкө алкоголсуз продукция табылып, тартып алынды.

> *Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.*

> *Салык кызматы эскертет, маркасы жок акциздик продукцияны 200 даанага чейин сатууда - 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат, ал эми 200дөн ашык санда сатууда - 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилиги каралган.*

Салык кызматы ишкерлерди маркасы жок акциздик продукцияларды сатуудан жана сактоодон алыс болууга, ошондой эле сатып алууда алардын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.