> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Чаткал Резорт”, “Чоктал Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу болду
- URL: https://im.kg/all/2026/04/28/chatkal-rezort-choktal-rezort-dolboorun-ishke-ashyruu-boiuncha-talkuu-boldu/
- Published: 2026-04-28T11:35:01.000Z
- Updated: 2026-04-28T11:35:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Жаңылыктар

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.** 

> *Маалыматка ылайык, отурумда алгач, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бардык мезгилдерге ылайыктуу заманбап тоо курортун түзүү үчүн “Чаткал Резорт” долбоорунун ишке ашырылышы каралды. Долбоорду ишке ашыруу жеке инвесторлорду жана адистештирилген өнүктүрүү компанияларын тартуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу пландалууда, анын мөөнөтү болжолдуу 2026-2034-жылдарга белгиленген.* 

Ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык деңгээлдеги көп функционалдуу “Чоктал Резорт” туристтик-курорттук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү каралды. Долбоор сапаттын, экологиялык туруктуулуктун жана жыл бою иштөөнүн эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап 5 жылдыздуу курорттук комплексти түзүүгө багытталган.