> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2,6 млн сомдук товар аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2026/04/29/myizamsyz-tashylyp-kele-zhatkan-2-6-mln-somduk-tovar-anyktaldy/
- Published: 2026-04-29T10:59:38.000Z
- Updated: 2026-04-29T10:59:38.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Жаңылыктар

**Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери АКШдан товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууну аныкташты.“Манас” аэропорту аркылуу бир компаниянын дарегине келип түшкөн жүк «Темир жол бекетинде» текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы мааалымат таратты.**

Маалыматка ылайык, документ боюнча товарлар колдонулган кийим-кече, ноутбуктар жана тетиктер катары көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда техниканын бир бөлүгү жаңы экени, ошондой эле декларацияланбаган жаңы электрондук товарлар бар экени аныкталган.

> *Табылган буюмдардын арасында белгилүү бренддердин планшеттери, ноутбуктары, смарт-сааттары, аудио түзүлүштөрү жана оюн консолу табылган.*

> *Товарлар алынып, убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылды. Соода-өнөр жай палатасынын баалоосу жана бажы органдарынын эсептөөлөрүнө ылайык, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана айып пулдун жалпы суммасы 2,6 миллион сомдон ашкан.*

Материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилди. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү.