> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ажылык сапарга 11-майдан тарта кетишет
- URL: https://im.kg/all/2026/05/07/azhylyk-saparga-11-maidan-tarta-ketishet/
- Published: 2026-05-07T10:01:15.000Z
- Updated: 2026-05-07T10:01:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Жаңылыктар

**Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылык сапарына кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, бул күндөрү дүйнөнүн ар тарабынан келген мусулмандар Мекке шаарына жана башка ыйык жайларга агылып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүп жатышат.*

> *Ажылык сапарындагы негизги талаптардын бири - Nusuk картасы (бейжик) болуп саналат. Аталган картасыз зыяратчылар Меккеге жана ыйык жерлерге кире алышпайт. Муфтият аталган картаны алууну эскертет.*

Мындан тышкары, Nusuk картасы ажылар үчүн негизги кызматтарга жетүүнү камсыздап, алардын жүрүүсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөөгө жардам берет.