> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидияларына мүчө болду
- URL: https://im.kg/all/2026/05/11/kyrgyzstan-duinoluk-sooda-uiumunun-balyk-charba-subsidiialaryna-mucho-boldu/
- Published: 2026-05-11T11:35:36.000Z
- Updated: 2026-05-11T11:35:35.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: #Жаңылыктар

**Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидиялары боюнча макулдашуусуна кошулду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 5-майында Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын ДСУнун Марракеш макулдашуусуна карата Протоколду - Балык чарба субсидиялары боюнча макулдашууну кабыл алуу жөнүндө документти тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өттү.

> *Аземге Кыргыз Республикасынын атынан ДСУдагы туруктуу өкүлү Омар Султанов жана Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов катышты*.

Макулдашуунун негизги максаты - балыктын ашыкча кармалышына, балык запастарынын түгөнүшүнө жана мыйзамсыз балык уулоого түрткү берген зыяндуу субсидияларды кыскартуу болуп саналат. Документ субсидиялардын айрым түрлөрүнө тыюу салган жаңы эрежелерди киргизет. Атап айтканда, макулдашуу мыйзамсыз, каттоодон өтпөгөн жана жөнгө салынбаган балык уулоо менен алектенген кемелерге же операторлорго субсидия берүүгө тыюу салат.