> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражатын көбөйтүү - көзөмөлдү күчөтүүгө багытталат
- URL: https://im.kg/all/2026/05/26/almashuu-biurolorunun-zhugurtuu-karazhatyn-koboituu-kozomoldu-kuchotuugo-bagyttalat/
- Published: 2026-05-26T11:28:53.000Z
- Updated: 2026-05-26T11:28:52.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстанда акча алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарына коюлган талаптар күчөтүлүп, капиталдын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен көбөйтүлөт. Улуттук банктын өкүлдөрү мындай чара көмүскө ишмердүүлүктү алдын алуу, рыноктогу көзөмөлдү күчөтүү жана валюта операцияларынын туруктуулугун камсыздоо максатында кабыл алынганын билдиришүүдө.**

**"Ишкер медианын"** суроосун жооп берип жатып, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы **Элизат Жапарова** өлкөдө азыр **акча жүгүртүүнүн көлөмү** жана акча алмаштыруу **бюролорунун саны** кыйла **көбөйгөндүгүн билдирди.** Анын айтымында, банк өкүлдөрү атайын анализ жүргүзүп, капиталдын минималдуу өлчөмүн жогорулатууну сунуштаган.

> “**Бишкек жана Ош шаарында** иштеген акча алмаштыруу бюролоруна атайын **өзүнчө капитал**, **региондорго** иштеген жана **мезгил-мезгили менен иштеген алмаштыруу бюролоруна** дагы **атайын суммалар** каралган болчу. Улуттук банкта алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн өзүнчө түзүмдүк башкармалык бар. Аталган бөлүмдүн өкүлдөрү **лицензиясы жок иштеген алмашуу бюролору аныкталса**, аларга карата мыйзам чегинде **тиешелүү чараларды** көрүшөт” – деп билдирди, Жапарова.

 Учурда **аймактагы ар бир алмашуу бюро** үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү **500 миң сомду** түзөт. Ал эми **Бишкек жана Ош** шаарларындагы алмашуу бюролору үчүн бул сумма **1 млн сом** болуп эсептелет.

Ал эми 13-майда кабыл алынган жаңы токтомго ылайык, 2026-жылдын **1-июнунан тарта** жогорудагы талаптар күчөтүлө баштайт. Анда:

\- **Аймактагы** алмашуу бюролору үчүн минималдуу жүгүртүү каражаты - **3 млн сом;**

\- **Бишкек жана Ош** шаарларындагы бюролор үчүн - **5 млн сом;**

\- **сезондук** негизде иштеген бюролор үчүн - **1 млн сом** болуп белгиленет.

---

 Улуттук банктын **19-майга карата абал** боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда **892 акча алмашуу бюросу** иш алып барууда.