> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында 6 млн долларга жаңыланган сейил бак ачылды
- URL: https://im.kg/all/2026/06/15/manas-shaarynda-6-mln-dollarga-zhanylangan-seiil-bak-achyldy/
- Published: 2026-06-15T10:15:40.000Z
- Updated: 2026-06-15T10:15:39.000Z
- Author: Ишкер Media

**Манас шаарында толук жаңыланган "Манас" сейил багы расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти.**

Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылып, ага жалпы 6 млн доллар инвестиция тартылган.

> Парк толугу менен оңдолуп, заманбап жарыктандыруу системалары жана ландшафттык жасалгалар орнотулган. Ошондой эле балдар аттракциондору, спорттук жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, эс алуу жайлары, коомдук тамактануу жана соода түйүндөрү курулган.

Мындан тышкары, сейил бактын аймагына толугу менен видеокөзөмөл орнотулган.

Ачылыш аземинде 200 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары жана "Ак-Жол" балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары аттракциондорго акысыз түшүштү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/724752673_2111.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/724069002_2111.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90-1.webp)