> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инвестицияланган пенсиялык каражаттардан 3 млрд сомдон ашык киреше түштү
- URL: https://im.kg/all/2026/06/16/investitsiialangan-pensiialyk-karazhattardan-3-mlrd-somdon-ashyk-kireshe-tushtu/
- Published: 2026-06-16T09:18:36.000Z
- Updated: 2026-06-16T09:18:35.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова

**Социалдык фонд 2026-жылдын январь-май айларындагы Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгын жарыялады.**

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде жалпы 9 млрд 458 млн сом инвестицияланган. Анын ичинен 7 млрд 758 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга, ал эми 1,7 млрд сом коммерциялык банктардагы депозиттерге жайгаштырылган.

> Инвестициялоонун жыйынтыгында жалпы киреше 3 млрд 19,7 млн сомду түздү.

Анын негизги бөлүгү мамлекеттик баалуу кагаздардан — 2 млрд 531,3 млн сом, депозиттерден — 293,3 млн сом, акциялар боюнча дивиденддерден — 185,9 млн сом жана эсептердеги калдыктардан түшкөн пайыздардан — 9,2 млн сом түштү.