> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакыт Төрөбаев менен Антье Граве экономикалык өнүгүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/all/2026/06/24/bakyt-torobaev-menen-ante-grave-ekonomikalyk-onuguunu-talkuulashty/
- Published: 2026-06-24T06:56:05.000Z
- Updated: 2026-06-24T08:42:21.000Z
- Author: Ишкер Media

**23-июнда "Ынтымак Ордо" имаратында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.** 

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык абалды жана 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча БУУ тутумунун кызматташтык программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

> Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле аймактардагы айыл чарба, экология, туризм, таза ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу негизги багыттар боюнча маалымат берди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/6a3b73086063f-1.jpg)

Өз кезегинде Антье Граве Кыргызстан менен БУУ ортосундагы орто мөөнөттүү кызматташтык боюнча жаңы стратегиялык документ даярдалып жатканын айтып, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен **Сиз ийгиликке жетишесиз*!