> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди
- URL: https://im.kg/all/2026/06/29/manasta-koomduk-ishterge-katyshkan-46-ui-bulogo-azyk-tuluk-berildi/
- Published: 2026-06-29T11:23:08.000Z
- Updated: 2026-06-29T11:23:07.000Z
- Author: Ишкер Media

**Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган 46 үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, ар бир үй-бүлөгө 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден өсүмдүк майы тапшырылды. Жардам жарандардын аткарган эмгегине жараша берилген.

> Тактап айтканда, Курманбек жана М. Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары өздөрү жашаган аймактарда сел каналдарын куруу жана тазалоо иштерине катышып, жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүшкөн.

Азык-түлүктөрдү тапшыруу учурунда шаар мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов бул жардам жарандардын эмгегине берилген сыйлык экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жана жумушсуз жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүп келет.

Белгиленгендей, долбоор Жапония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашырылууда.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз *ийгиликке жетишесиз*!