> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө 3,6 млн сомдук маркаланбаган бензин аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2026/07/07/chuido-3-6-mln-somduk-markalanbagan-benzin-anyktaldy/
- Published: 2026-07-07T08:47:36.000Z
- Updated: 2026-07-07T08:47:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова

**Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Чүй жана Жалал-Абад облустарында молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майларды ташуу жана сатуу фактылары аныкталды.**

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда молекулярдык маркасы жок 60 миң 508 литр бензинди ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа токтотулган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз ташылып бара жаткан күйүүчү майдын жалпы базар баасы 3,6 млн сомдон ашат.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы май куюучу жайлардын биринде молекулярдык маркери жок АИ-92 үлгүсүндөгү 3,5 тонна бензин сатылып жатканы аныкталган.

> Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталып, күйүүчү майдын курамында молекулярдык маркерлер жок экени "Учкун" ААКсында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен да тастыкталган.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда бензин жана дизелдик отунду молекулярдык маркерлер менен милдеттүү түрдө маркалоо талап кылынат. Бул талап өлкөгө импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн күйүүчү майларга бирдей тиешелүү. Молекулярдык маркери жок күйүүчү майды өлкөгө алып кирүүгө, ташууга, сактоого жана сатууга мыйзам менен тыюу салынат.