> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузган 11 учур катталды
- URL: https://im.kg/all/2026/07/15/ysyk-koldo-balyk-uuloo-erezhelerin-buzgan-11-uchur-kattaldy/
- Published: 2026-07-15T07:32:28.000Z
- Updated: 2026-07-15T07:32:27.000Z
- Author: Ишкер Media

**Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелерин бузган 11 факт аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.** 

Маалыматка ылайык, бир апталык рейд Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балыкты өндүрүштүк кармоого чектөө киргизүү жана экологиясын сактоо боюнча чараларды күчөтүү жарлыгы боюнча өткөрүлдү.

> Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы балык уулоо эрежелерин бузган жарандарды аныктап, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Мыйзам бузгандарга административдик чара көрүлдү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча көзөмөл жана рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*