> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйылкы жылдын июнь айына карата Кыргызстанга 3,5 млн адам келди
- URL: https://im.kg/all/2026/07/17/byiylky-zhyldyn-iiun-aiyna-karata-kyrgyzstanga-3-5-mln-adam-keldi/
- Published: 2026-07-17T10:36:08.000Z
- Updated: 2026-07-17T10:36:07.000Z
- Author: Ишкер Media

**2026-жылдын апрель айында чек арадан 3 миллиондон ашык адам өтсө, июнда бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.**

> *Маалыматка караганда, бул аралыкта чет элдик жарандардын саны 1,58 миллиондон 1,83 миллион адамга чейин көбөйгөн. Жарандардын жана транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн Чек ара кызматы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, сезондук жүктөмдүн өсүшүн эске алуу менен кошумча чараларды көрүүдө.*

17-июлга карата бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Кыргызстан тарапта жүргүнчүлөрдүн тыгыны катталган жок.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке *жетишесиз*!