> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогулда "Таза суу" долбоорунун экинчи этабы ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2026/08/11/toktogulda-taza-suu-dolboorunun-ekinchi-etaby-ishke-kirdi/
- Published: 2026-08-11T08:23:28.000Z
- Updated: 2026-08-11T08:23:27.000Z
- Author: Ишкер Media

**Токтогул шаарында "Таза суу" долбоорунун II фазасын ишке ашыруунун алкагында негизги суу өткөрүүчү түтүктөрдү төшөө үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Токтогул шаардык мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, учурда суу түтүктөрү өтө турган тилкелер даярдалууда. Жүргүзүлүп жаткан иштер менен Токтогул шаарынын мэри Рамис Омурканов жана шаардык кеңештин төрагасы Мирбек Борбугулов жеринен таанышты.

> Иш сапарынын жүрүшүндө калаа мэри жооптуу кызматтарга курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүп, өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

"Таза суу" долбоорунун II фазасы ишке ашырылгандан кийин Токтогул шаарынын тургундарын сапаттуу жана таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу шарттары жакшырары күтүлүүдө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----3-17.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----2-15.jpeg)