> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн республикалык ишембилик өттү
- URL: https://im.kg/all/2026/09/19/bugun-respublikalyk-ishembilik-ottu/
- Published: 2026-09-19T09:05:58.000Z
- Updated: 2026-09-19T09:05:57.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты.**

Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын катышуусунда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү. Экологиялык акция өлкөнүн бардык аймактарында, шаарларында уюштурулду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6aae1eb4047b8.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6aae1eb165fe9.jpeg)

> Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мындай экологиялык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруунун жана аймактардын тазалыгын сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**