> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чоң-Алайда Соцфонддун жаңы имараты ачылды
- URL: https://im.kg/all/2026/09/21/chon-alaida-sotsfonddun-zhany-imaraty-achyldy/
- Published: 2026-09-21T04:45:21.000Z
- Updated: 2026-09-21T04:45:20.000Z
- Author: Ишкер Media

**Социалдык фонддун Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.**

Жаңы имарат пенсиялык системаны реформалоо жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу алкагында курулду. 

Эки кабаттуу, жалпы аянты 247 чарчы метр болгон имарат заманбап талаптарга жооп берип, жарандарды кабыл алуу жана пенсиялык, социалдык камсыздоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Имараттын курулушу Социалдык фонд тарабынан каржыланды.

> Фонддун маалыматына ылайык, реформанын негизги багыты - кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактык башкармалыктардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**