> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды
- URL: https://im.kg/all/2026/09/21/koomduk-zherlerde-tameki-tartkan-zharandar-administrativdik-zhoopkerchilikke-tartyldy/
- Published: 2026-09-21T12:05:25.000Z
- Updated: 2026-09-21T12:05:24.000Z
- Author: Ишкер Media

**КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат.**

Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы **профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.**

Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”, “Ночной Баку”, “40 на 40” жана “Империя пиццы” кафелеринде жана ресторандарында текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында **20дан ашык протокол** түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы **110 миң сомдон ашты.**

> Бишкек шаарын ИИББнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, аныкталган укук бузуунун мүнөзүнө жараша айып пулдун өлчөмү - 5 500 сомдон 10 000 сомго чейин болду. 

ИИМ өкүлдөрү – жарандарды мыйзам талаптарын сактоого жана тамеки ошондой эле электрондук тамекилерди тартууга тыюу салынган жерлерде аларды колдонуудан баш тартууга чакырышууда. Бул багыттагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылмакчы.