> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соң-Көлдө жапайы канаттууларды байкоочу курулма орнотулду
- URL: https://im.kg/all/2026/09/21/son-koldo-zhapaiy-kanattuulardy-baikoochu-kurulma-ornotuldu/
- Published: 2026-09-21T09:00:12.000Z
- Updated: 2026-09-21T09:00:12.000Z
- Author: Ишкер Media

**Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Соң-Көл участкасында канаттууларды байкоого ылайыкташкан атайын кароо курулмасы орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, курулма "Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында Батай-Арал аймагында орнотулган.

Бийиктиги 7 метр болгон темир конструкция жапайы канаттууларга жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбестен мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Атайын дүрбү аркылуу эс алуучулар да канаттууларды табигый чөйрөсүндө байкоого шарт түзүлгөн.

Соң-Көл - Борбордук Азиядагы маанилүү суу-саздак аймактардын бири. Көл өрдөктөр, мойноктор, чулдуктар жана башка суу жээгинде жашаган жапайы канаттуулардын маанилүү жашоо чөйрөсү болуп саналат.