> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/all/2026/09/23/kyrgyz-somun-tolomgo-kabyl-aluudan-bash-tartkan-kompaniiaga-13-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-23T10:20:52.000Z
- Updated: 2026-09-23T10:20:52.000Z
- Author: Ишкер Media

**КРнын Улуттук банкы улуттук валюта - сомду төлөм катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн Бишкек шаарындагы юридикалык жакка 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Мындай билдирүүнү Улуттук банктан кабарлашты.**

> Маалыматка ылайык, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган. Тактап айтканда, улуттук валютанын акча белгилерин төлөм каражаты катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткан.

Улуттук банк сом Кыргыз Республикасынын аймагындагы мыйзамдуу төлөм каражаты экенин белгилейт. Ошондуктан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык улуттук валютада кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол берилбейт.

☝🏻

**Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-главасы, 35-статьясы:* "Кыргыз Республикасында улуттук акча бирдиги - ****сом** болуп эсептелет. Сом ****мыйзамдуу төлөм каражаты** болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча ****милдеттүү түрдө кабыл алынат.** Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен аныкталат".