> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот
- URL: https://im.kg/all/2026/09/25/sadyr-zhaparov-zhyl-aiagyna-cheiin-20-min-ui-bulo-mik-arkyluu-batirluu-bolot/
- Published: 2026-09-25T09:55:47.000Z
- Updated: 2026-09-25T09:55:46.000Z
- Author: Ишкер Media

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды.**

Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди.

> Президент белгилегендей, жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушу аяктайт жана 20 миңден ашуун үй-бүлө батирлүү болот.

Учурда өлкөдө 150-200 миң үй-бүлө турак жайга муктаж. Анын 100 миңге жакынын 2026-2027-жылдары камсыз кылуу пландалууда. Максат - 2030-жылга чейин муктаж болгондордун баарын турак жай менен камсыз кылуу.

МИКтин уставдык капиталы азыр 2 млрд долларды түзөт, аны мындан ары көбөйтүү зарыл.

Комплекс тууралуу: 2,01 га аянтта, 2024-жылдын октябрында башталган, 11 блок, 1 050 батир, 551 унаа токтотуучу жай.