> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү
- URL: https://im.kg/all/2026/09/26/nookatta-140-orunduu-korkom-surot-mektep-internaty-kurulup-buttu/
- Published: 2026-09-26T04:30:34.000Z
- Updated: 2026-09-26T04:30:33.000Z
- Author: Ишкер Media

**Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр.

Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс, китепкана, практикалык сабактар үчүн жайлар, жыйындар залы жана сахна бар.

Объект республикалык бюджеттен каржыланды. Учурда пайдаланууга берүүгө даярдык көрүлүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**