> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду
- URL: https://im.kg/all/2026/10/08/26-kyrgyzstandyk-el-umutu-el-aralyk-stipendiiasyna-ee-boldu/
- Published: 2026-10-08T06:34:32.000Z
- Updated: 2026-10-08T06:34:32.000Z
- Author: Ишкер Media

**2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.**

> Билдирүүгө караганада, алардын ичинен **14 стипендиат быйыл окуусун баштайт**, дагы **12 жаран** экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында **билим алуусун улантат.** Стипендия ээлери дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка артыкчылыктуу багыттар боюнча билим алышат.

Быйыл окуусун баштаган стипендиаттардын арасында Чикаго, Гарвард, Оксфорд, Колумбия, Калифорния университеттери, Лондон экономика жана саясий илимдер мектеби, Лондон университеттик колледжи, Сидней технологиялык университети жана башка жогорку окуу жайларга өткөндөр бар.

Алар **энергетика жана климаттык саясат, компьютердик илимдер, маалыматтар илими, бизнес-аналитика, финансы, эл аралык укук, билим берүүдө жасалма интеллект, мамлекеттик саясат, нейропсихология, эл аралык мамилелер жана айлана-чөйрө** сыяктуу багыттарда магистратура жана PhD программаларында билим алышат.

Экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алып жаткан стипендиаттардын арасында Стэнфорд, Кембридж, Чикаго, Копенгаген, Сидней технологиялык университеттери, UCLA жана башка алдыңкы окуу жайлардын студенттери бар.

"Эл үмүтү" стипендиясы магистратура жана PhD деңгээлинде билим алуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жана ****QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде алдыңкы 100гө кирген** билим берүү программаларына берилет. Стипендиаттардын окуусун каржылоо ****Президенттик фонддун каражаттарынын эсебинен** жүргүзүлөт.